Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 7 жаштагы кызды унаа сүзүп, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15-апрель күнү саат 07:40 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 384-600-чакырымында жол кырсыгы катталган.
Ош багытын көздөй бара жаткан Өзбекстандын 1996-жылы туулган тургуну Г.К.А. өзүнүн ак түстөгү «Chevrolet Cobalt» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, жолдун сол тарабынан чыккан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Жөө жүргүнчү — Кара-Көл шаарынын 2019-жылы туулган тургуну Р.М.М. болгон.
Жол кырсыгынын натыйжасында Р.М.М. Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун жандандыруу бөлүмүнө төмөнкү диагноз менен жаткырылган: жабык баш мээ жаракаты, баш сөөгүнүн күмбөзүнүн жабык, басылып сынуусу, мээнин шишиги, мээ комасы, травмалык шоктун III–IV даражасы.