Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусу, Токмок 20.05.2019 13:47 На русском

Тагдыр: Бир ай мурун жолдошунан ажыраган Аида 3 жаштагы уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн жардам күтөт (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарына караштуу Мээнеткеч айылынын 25 жаштагы тургуну Аида Жолдошбекова баласынын оорусу менен жалгыз күрөшүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, баласынын оорусу тууралуу 2018-жылдын 28-декабрында билишкен.

«Онкологиялык ооруканадан балама 3-баскычтагы рак, залалдуу шишик деген диагноз коюшту. 6 курс химия терапиядан өттүк. Дарыгерлер операция жасала турганын айтышты. Азыр шишик өтө чоң болгондуктан аны кичирейтүү үчүн дарылап жатышат. Эми томографиядан жана УЗИ аппаратынан өтөбүз. Андан кийин операция кылышат. Бул жакта шарт жок болгондуктан Түркия же Россиядан жасаталы деп сүйлөшсөк, Россиядагы ооруканада 30 миң доллар, Түркиядагы дарыгерлер 50 миң доллар экенин айтышты. Бизде андай акча жок болгондуктан барбай калдык», - деди ал.

Анын айтымында, бир ай мурун жолдошу каза болгон.

«Үч балабыз бар. Улуусу Нурэл 5 жашта, оруп жаткан балам Медер 3 жашта, эң кичүү кызым Адемиге 5 ай болду. Жолдошум Жолдошбек улуу Манас 28 жашта болчу. Ушул жылдын 20-апрелинде Ысык-Көлдөн келе жатып, Бишкек—Кемин жолунда саат 03:00 чамасында жол кырсыкка кабылып, ошол жерден каза болуптур. Унааны айдап келе жаткан досу дагы каза болду, жолдошум анын жанында отуруптур. Алар дагы бир досунун келинчегин Ысык-Көлгө жекирип келе жатышкан эле. Ал досу дагы жаракат алып, азыр ооруканада жатат», - дейт Аида.

Анын айтымында, рак илдетине кабылган уулу операцияга муктаж болууда.

«Азыр кызым өзүмдүн апамдын колунда. Мен ортончу балам менен ооруканадамын. Жакында эле жеке бала бакчанын директору Нуриза эже мага боору ооруп, «улуу балаңды мектепке баргычакты биз акысыз эле багып беребиз» деп өзүнө алды. Ага мен аябай ыраазымын. Учурда кичүү кызымды апам жана сиңдим карап жатышат. Жолдошумдан ажырап отурганда аяштарыбыз келип, колунан келген жардамдарын берүүдө.

Операция жасатууга убакыт келсе дагы каражаттын жоктугуна байланыштуу азыр химия терапия гана алып жатабыз. Ошондуктан баламдын өмүрүн сактап калуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайм», - дейт жаш эне.

Жардам берүүнү каалагандар 0702 118 689 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×