Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 18:31 На русском

Погончон айым: Айдана жанындагы жыйырмадай жигит менен жолдошун таң калтырган (сүрөт)

Милициянын старшинасы Айдана Абдыкадыр кызы
Милициянын старшинасы Айдана Абдыкадыр кызы

Turmush -  Комузда жана аккордеондо кол ойноткон Айдана Абдыкадыр кызы 4 жылдан бери Ош шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеп келет. Ал С.Шарипов атындагы атайын кадрларды даярдоо борборунда эки айлык даярдоо курсун бүтүргөндөн кийин кайгуул күзөт кызматына жумушка орношкон. Милициянын старшинасы Айдана Абдыкадыр кызы менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2017-жылдан бери кайгуул күзөт кызматынын 2-ротасында иштеп келет. Ал ортого тааныш-билиш салбай жана пара бербей эле артыкчылык диплому менен жумушка орношконун айтты.

«Үй-бүлөдө бир уул жана үч кыз бар. Айылда ат минип, чөп чаап жүргөндүктөн бул кесипте иштеп кетүү, машыгууларга катышуу кыйынчылык жараткан жок. "Жолдошуң күч органдарында иштебесе, сени кантип түшүнүп, иштетип жатат?" деп сурап калышат. Окуп жүргөндө эле турмушка чыккандыктан жолдошум "сенин карьераңа тоскоол болбойм, колдойм" деп айткан. Ага эки айлык курста окуп жүргөнүмдө кайсы жерде окуп жатканымды айтпаптырмын, ал өзү кызыгып сурабаптыр. Бир күнү окууга кечигип жаткандыктан жолдошумдан окууга жеткирип коюуну сурандым. Окууга барганда 20дай жигитке кошулуп, чуркап кеткенимди көрүп, таң калыптыр. Үйгө келгенде гана "сен ошолор менен окуйсуңбу?" деп сураган. Окуп жатканда биринчи жолу агайдын кыйкырганын угуп чочуп кеткем. Үйдө ата-энем кыздарды жумшак тарбиялап, жогорку окуу жайында да эч ким үнүн бийик чыгарып сүйлөбөгөндүктөн 2 айлык курстагы мугалимдин бакырып сүйлөгөнүн угуп, мага эле кыйкырып жаткандай болуп, ыйлагым келген», - дейт Айдана Абдыкадыр кызы.

Ал эки кыз, бир уулдун апасы. Спорттун волейбол түрү менен дагы машыгат. Машыгууга кеткенде балдарын жолдошу карап калат.

«Бир жолу "мелдеш болот, кимдер катышат?" дешкенинен кол көтөрүп койгом. Жумуш убактысы бүтүп, машыгуу болду. Машыгуу бүтүп, үйгө барганча караңгы болуп кеткен. Үйдө үч балам менен жолдошум мени "тамак жасайт" деп күтүп отурушуптур. Шашып барып эле мелдешке барарымды айтып, кийимдеримди салып, даярданып калдым. Жолдошум "сенин мындай кыларыңды билгенде тамак жасап, курсагыбызды тойгузуп алмакпыз, жүргүлө балдарым" деп ашканага ээрчишип кирип кетишти. Таксиде ашканага кирчү эмес эле, эми кантишет экен деп ойлонуп кетип бара жаттым. Мелдештен келип ашканага кирсем, майга пияз менен жумуртка кууруп жешип, уктап калышыптыр. Жолдошум дайыма мени колдогонуна ыраазымын», - дейт Айдана.

Ал айрым кесиптештери анын үч балалуу экенин укканда «улуу кишиге турмушка чыккан» деп ойлошконун айтты. Кесиптештери жолдошун көргөндө таң калышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Айдана айымдын оор басырыктуу, жумушта интриганы жактырбаган адис экенин, кесиптештери аны жаш экенине карабай сыйлап турушарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×