Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусу, Сүлүктү 13.03.2019 15:26

Сүлүктү шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  9-10-мартта Сүлүктү шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу шаар мэри Рахман Абдыназаров билдирди.

Анын айтымында, шаар мэринин кубогуна арналган мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, кошуна Өзбекстан менен Тажикстандан келген 300гө жакын балбандар катышты. Турнир кошуна мамлекеттер арасында ынтымакты чыңдоо, жаштарды спортко үндөө максатында уюштурулду. 15 кг салмак категориясында өткөн мелдешке шаар мэри 4000 сом, шаардык резервдик фондон 4000 сом, көмүр казган ишканалардан 40 миң сом, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунан 20 миң сом бөлүнгөн.

Жыйынтыгында 71 кг салмактагылар арасында 1-орунду өзбекстанды Шахрус Узгенбав, 65 кг салмактагылар арасында өзбкестандык спортчу салмактагылар арасында Ибрахимов, 55 кг салмактагылар арасында сүлүктүлүк спортчу Бекзат Камалов 1-орунду алды. Жеңүүчү болгон балбандарга медалдар, кубоктор, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×