Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусу, Сүлүктү 06.02.2019 11:41

Сүлүктүдө балдарга карата зомбулукту алдын алуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Сүлүктү, прокуратура
Сүлүктү, прокуратура

Turmush -  Январдын аягынан 4-февралга чейин Сүлүктү шаардык прокуратурасы шаардагы мектептерде, техникалык лицей, мектеп-гимназияларда шаар тургундары менен жолугушуп, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында акыркы жылдары балдар зомбулуктун түрдүү формаларынын курмандыгы же күбөсү болуп, аларга карата катаал мамилелердин көбөйүп жаткандыгы айтылды. Андан тышкары, көп учурларда зордук-зомбулуктун курмандыктары социалдык стигмадан жана айлансындагылардын басымынан улам зомбулук болгон учурлар тууралуу маалыматты тийиштүү органдарга өз убагында жеткирбей, жаап-жашыруулар зомбулуктун өсүшүнүн бирден бир себеби болуп жаткандыгы белгиленди. Прокурорлор мындай укук бузуулардын алдын алуунун жолу боюнча маалымат беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×