Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусу, Сүлүктү 25.01.2019 09:06

Сүлүктү шаарында майып балдардын ата-энелерине 4900 сомдон акча төлөнө баштайт

Turmush -  Сүлүктү шаарында майып балдардын ата-энелерине 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эрмамат уулу Алмазбек билдирди

Анын айтымында, майып балдардын ата-энелерин колдоо максатында мамлекет социалдык кызматтын «жеке ассистент» деген жаңы түрүн киргизген. Бул ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Сүлүктү шаарында 168 майып бала жашайт. Анын ичинен 14 бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. 14 баланын ата-энелеринин документтери кабыл алынып, 2019-жылдын февраль айында акча төлөнүп берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×