Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусу, Сүлүктү 23.01.2019 15:21

Былтыр Сүлүктүдөгү окуучулар 15 кылмыш жасап, бардыгынын бети ачылды

Turmush -  Сүлүктү шаарында былтыр жаш өспүрүмдөр арасында 15 кылмыш катталып, баарынын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-январда милиционерлер жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында мугалимдер, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жаңы жылдан тартып иштей баштаган 2 мыйзам жана 5 кодекс боюнча милиция кызматкерлери кеңири түшүндүрмө берип, ата-энелердин, мугалимдердин да укугу, жоопкерчилик жөнүндө маалымат беришти.

Жалпысынан Сүлүктү шаарында 9 орто мектеп, 3605 окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×