Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусу, Сүлүктү 07.12.2018 17:29

Сүлүктүдөгү мектепте «Аялуу балдарды коргойлу» акциясы башталды (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы №9 гимназияда «Аялуу балдарды коргойлу» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Иш-чарада жогорку класстын окуучулары өз колу менен жасаган тамактарды сатып, түшкөн акчасын жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берет.

«Бул акция аталган мектеп директору Базаргүл Рустамованын демилгеси менен көп жылдан бери декабрь айында өтүп келет. Быйыл да жогорку класстын окуучулары ар кандай тамактарды даярдап келишти. 3-сабактан кийинки 10 мүнөттүк тыныгуу учурунда даярдалган тамактар сатылып, 1 эле күндө 2350 сом түштү. Акция 1 жума бою улантылат. Топтолгон каражатты мектептин парламенти менен ата-энелер комитети биргелешип, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына бөлүп берет», - деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Бермет Абдурахманова.

«Окуучуларыбыз даярдап келген тамак-аштарын негизинен мугалимдер эле сатып алабыз. Кээ бир учурда техникалык кызматкерлер да сатып алышат. Өзүнүн окуучусунун колунан жасалган тамакты жеген мугалим үчүн өтө чоң бакыт. 30га жакын мугалим орто эсеп менен 70 сомдук тамактарды сатып алабыз», - деди физика сабагынын мугалими Бактыгүл Абдрасулова.

Дагы бир мугалим Бакытбек Сапаркуловдун айтымында, өзүнүн 6-класстагы баласы да бутерброд, сэндвич жасап келди.

«Өзгөчө уул балдар тамак-аш жасап келгени өтө кубандырат. Анткени гимназист болгондуктан келечекте бардыгы студент болот. Алар азыр жасап үйрөнсө, студент болгондо кыйналбайт. 6-класста окуган уулума бутерброд, сэндвич жасаганды үйрөттүм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×