Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.08.2018 20:03

Сүлүктүдө Тажикстандын жаранына жасалма айдоочулук күбөлүк берген адамдарга кылмыш иш козголду

Turmush -  Сүлүктү шаардык прокуратурасы Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлерине кылмыш иш козгоду.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Тажикстандын жараны Лейлек районунун Арка 2 айылынын жашоочусу Х.А.нын Тажикстандан алган айдоочулук күбөлүгү 2016-жылдын 23-июнунда Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Баткен аймактык бөлүмүнүн Сүлүктү шаардык жана Лейлек райондук каттоо сынак пунктунун кызматкерлери тарабынан башка айдоочулук күбөлүккө алмаштырылган. Алмаштырылган жаңы айдоочулук күбөлүгүндө мыйзамсыз (КРнын ЖААК системасынын базасында катталбаган) жеке идентификациялык номур берилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан Баткен аймактык бөлүмүнүн Сүлүктү шаардык жана Лейлек райондук каттоо сынак пунктунун тийиштүү кызматкерлерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×