Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.07.2018 15:20

Сүлүктүдө унаа уурдаган адам сот жообуна тартылды

Turmush -  Сүлүктү шаарында катталган кылмыштардын бети өз убагында ачылып жатат. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-майда 18 жаштагы жигитти сабап, телефонун тартып алган 23 жаштагы С.О. аттуу жигит кармалды.

Ошондой эл Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылынын 56 жаштагы тургуну үйүнүн алдына токтотуп койгон «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын уурдай качкан адам кармалды. Аталган кылмышка шектелип шаардын 30 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалып, сот жоопкерчилигине тартылды. Уурдалган унаа Ош облусунун Ноокат районунун Апшыр-Сай айылынан табылып, ээсине кайтарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×