Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 23.07.2018 16:55

Сүлүктүдө майып адамдарга 5000 сомдон жардам көрсөтүлдү (видео)

Turmush -  Бүгүн, 23-июлда Сүлүктү шаарында майып жана жашоо шарты оор 10 үй-бүлөгө 5000 сомдон жардам көрсөтүлдү.

Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулованын айтымында, бүгүнкү күндө Сүлүктү шаарында майып 800дөн ашык адам бар. Бүгүн жардам берүү үчүн алардын ичинен 1-2-топтогу майыптыгы боюнча каттоодо тургандар жана турмуш шарты оорлор тандалган.

Сүлүктү шаарынын 2-топтогу майып тургуну Назирагүл Таникулованын айтымында, бир айда ден соолугун чыңдоо үчүн 15-20 миң сомдук дары-дармек керектелет. 5 баланын жалгыз бой энеси болгондуктан каражат жетишпейт. Ай сайын мамлекеттен 3946 сом пенсия алат. Турмуш-тиричилиги үчүн бир туугандары жардам кылса, шаардык мэрия ар жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курортко эс алууга акысыз жөнөтүп, акысыз 500 кг көмүр берип турат.

Иш-чарага Баткен облусунун жетекчиси А.Халмурзаев да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×