Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 14.07.2018 15:10 На русском

Сүлүктүдөгү шахтада камалып калып, куткарылып жаткан адамдын ысымы такталды

Turmush -  Бүгүн, 14-июлда Сүлүктү шаарында көчкү басып, чыга албай калган адамдын ысымы такталды.

ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Камчыбек Айтымбетовдун айтымында, шахтада көчкү болуп 1981-жылы туулган М.Замир камалып калган. Ал Исфана шаардык башкармалыгынын Чимген айылынын тургуну болгон. Азыр анын шахтада өлүү же тирүү экендиги тактала элек. Учурда ӨКМдин куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Сүлүктү шаар мэри Рахман Эрматовдун маалыматына караганда, «Байкал» ЖЧКсы Лейлек районунда каттоодон өткөн. Ишкананын жетекчиси — Асылбек Ашимов.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 14-июлда ӨКМ Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы шахтадан 3 адам чыга албай калгандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, «Байкал» ЖЧКнын шахтасында катталган кырсык жөнүндө маалымат ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо-кен куткаруу кызматына саат 12:30да түшкөн. Кырсык болгон жерде иш алып баруу үчүн 11 куткаруучу тартылган.

Аталган маалымат жарыялангандан кийин көп өтпөй ӨКМ өзүнүн мурдараак берген маалыматына тактоо киргизип, шахтада калып калгандар 3 адам эмес, 1 адам экендигин кабарлаган.

Сүлүктү мэриясынын маалыматына караганда «Байкал» ЖЧКсы Сүлүктү шаарындагы шахталардын катарында каттоодо жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×