Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 14.07.2018 13:44 На русском

ӨКМ Сүлүктүдөгү шахтадан 3 адам чыга албай калгандыгын билдирип, кийин 1 адам экендигин тактады

Turmush -  Бүгүн, 14-июлда Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы шахтадан 3 адам чыга албай калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Байкал» ЖЧКнын шахтасында катталган кырсык жөнүндө маалымат ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо-кен куткаруу кызматына саат 12:30да түшкөн. Кырсык болгон жерде иш алып баруу үчүн 11 куткаруучу тартылды.

Аталган маалымат жарыялангандан кийин көп өтпөй ӨКМ өзүнүн мурдараак берген маалыматына тактоо киргизип, шахтада калып калгандар 3 адам эмес, 1 адам экендигин кабарлады.

ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Камчыбек Айтымбетовдун айтымында, шахтада көчкү болуп 1981-жылы туулган М.Замир камалып калган. Ал Исфана шаардык башкармалыгынын Чимген айылынын тургуну болгон. Азыр анын шахтада өлүү же тирүү экендиги тактала элек. Учурда ӨКМдин куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Сүлүктү мэриясынын маалыматына караганда, «Байкал» ЖЧКсы Сүлүктү шаарындагы шахталардын катарында каттоодо жок.

Сүлүктү шаар мэри Рахман Эрматовдун маалыматына караганда, «Байкал» ЖЧКсы Лейлек районунда каттоодон өткөн. Ишкананын жетекчиси — Асылбек Ашимов.

Буга чейин да кырсыктар болгон:

2017-жылдын 12-августунда Сүлүктү шаарындагы шахтадан 37 жаштагы С.С.ны жар басып калып каза болгон. ӨКМдин Сүлүктүдөгү башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык саат 19:00 чамасында болгон. С.С. трактор менен көмүр казып жатып, андан түшүп жардын канчалык казылганын көрүп жаткан учурда жар басып калган. Анын жансыз денеси 7 саатта чоң техникалардын жардамы менен табылып чыгарылган. Каза болгон жумушчунун артында 3 кыз, 1 уулу калган.

Андан кийин 13-сентябрда да көмүр шахтада урандынын алдында калган 2 адам куткарылган болчу. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кырыск саат 16:10 чамасында «Бай-Кен» шахтасында болгон. Анын астында көмүр казып жаткан адамдар калганы маалымдалып, ӨКМдин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кен казуучулардын күчү менен урандынын алдындагы 2 адам куткарылган. Алар жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

21.10.2015Сүлүктү шаарында шахтада ууланган 2 жарандын бири эсине келди (фото)
06.12.2017Баткенде өмүрүн тобокелге салып көмүр казгандардын ишкана менен эмгек келишимдери жок
27.10.2017Баткенде 3 адам каза болгон шахта мыйзамсыз иштеп жаткан, - Мамэкотехинспекция
27.12.2016Кызыл-Кыяда 30 метр чуңкурга кулап кетип куткарылган адамдын колу-буту сынып кеткен (видео)
30.10.2017Видео — Баткендиктер үй-бүлө багуу үчүн өмүрүн тобокелге салып, 90 метр тереңдиктен көмүр казышат
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×