Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 03.07.2018 15:00

Сүлүктүдө «Улут кербени» аталышындагы 1 айлык салтанат башталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 2-июлда Сүлүктү шаарында «Улут кербени» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аймактарды өнүктүрүү жылына, Сүлүктү шаарынын 150 жылдык мааракесин утурлай жана Көчмөндөр оюндарына карата өткөн саамалыкка шаардын ар бир аймагынан таланттуу адамдар катышты. Алар ыр-бийлерди аткарып, өздөрүнүн айылдарынын тарыхын баяндап, үлгүлүү үй-бүлөнүн образын, каада-салттарды көрсөтүп беришти. Өспүрүмдөр арасында спорттук мелдештер да уюштурулду.

Бул иш-чара 1 айга созулуп, жыйынтыгында Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына карата белектер тапшырылат. Кийинки иш-чара 10-июлда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×