Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 28.03.2018 16:52

Сүлүктүдө мугалимдер арасында спорттук мелдештер өттү

Turmush -  22-26-март күндөрү Сүлүктү шаарында Региондорду өнүктүрүү жылына жана шаардын 150 жылдык мааракесине карата билим берүү кызматкерлеринин арасында «Ден соолук – 2018» спартакиадасы өткөрүлдү.

Маалым болгондой, 9 команда катышкан спартакиадада волейбол, стритбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана аркан тартыш боюнча мелдештер уюштурулду.

Жыйынтык:

Волейбол боюнча мырзалар командасы:

1-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы;

4-орун — В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин командасы.

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасында:

1-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин командасы;

4-орун — Т.Рустамов атындагы орто мектебинин командасы.

Шахмат боюнча:

1-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — И.Бектемиров атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин командасы;

4-орун — Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын командасы.

Тогуз коргоол боюнча:

1-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын командасы;

4-орун — И.Бектемиров атындагы орто мектебинин командасы.

Стол тенниси боюнча:

1-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын командасы;

4-орун — И.Бектемиров атындагы орто мектебинин командасы.

Стритбол боюнча:

1-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин командасы.

Аркан тартыш боюнча:

1-орун — И.Бектемиров атындагы орто мектебинин командасы;

2-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин командасы;

3-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектебинин командасы;

4-орун — И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы.

Спартакиаданы уюштуруп өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн 5 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнөн 10 миң сом жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинен 25 миң сом бөлүнгөн. Жеңүүчү командалардан тышкары мыкты оюн көрсөткөн спортчулар да белгиленип, 9 мугалимге акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×