Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 26.03.2018 13:21

Сүлүктүдө 220 миң сомдук байге коюлган аламан көк бөрү мелдеши өттү

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Сүлүктү шаарында аламан көк бөрү мелдеши өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаз майрамдарына карата уюштурулган мелдешке жергиликтүү демөөрчүлөр 220 миң сомдук байге коюшкан. Көк бөрү элдин ынтымагын чыңдоо максатында уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар ташпырылды. 1-орунду алган улакчыга жүк ташуучу унаага жүктөлгөн көмүр, 5 миң сом, 1 килем жана 1 кой ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×