Turmush - Бүгүн, 23-мартта Сүлүктү шаарында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 24-март — Кургак учукка күрөшүү күнүнө карата уюштурулду. Ага шаардык мекеме-ишканалардан жана шаардагы ар бир көчөлөрдөн куралган 18 команда катышууда. Жеңишке жеткен командаларга шаардык мэрия тарбынан акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылат.