Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 05.03.2018 16:37

Сүлүктүдө кутурган ит тиштеген бир туугандар дарыланууда

Turmush -  Сүлүктү шаарында 2 адамды кутурган ит тиштеп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат.

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Нурлан Орозалиевдин айтымында, 16-февраль күнү шаардын Х.А. аттуу тургуну талашып жаткан иттерди ажыратып жаткан учурда ит тиштеп алган. 18-февралда анын бир тууганы А.А. дагы ит тиштеп, медициналык жардам сурап кайрылышкан. Аларды тиштеген итти ээси 19-февраль күнү өлтүргөн. Анын башына ветеринардык лабораторияда изилдөө жүргүзүлүп, иттен кутурма оорусунун вирусу табылды. Учурда ит тиштеген адамдар дарыгердин көзөмөлүндө тиешелүү дарыларды алып жатышат.

Буга байланыштуу Сүлүктү шаарында 55 баш бодо мал, 45 баш жандык мал жана 21 ит кутурмага каршы эмделди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×