Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 16.02.2018 16:24

Сүлүктү шаарында 28 көмүр шахтасы иштеп жатат

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 28 көмүр шахтасы иштеп жатат. Бул тууралуу шаардын мэри Рахман Эрматов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы менен 2016-жылга салыштырмалуу 26 тонна көп көмүр өндүрүлгөнү белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2017-жылы 121 миң тонна көмүр өндүрүшкөн.

Учурда Сүлүктүдө БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы 4200 сомдон БР маркасындагы көмүр тоннасы 3100 сомдон, майда көмүр 1200 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×