Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 18.11.2017 14:37 Жаңыланды: 18.11.2017 17:47

Айыл турмушу: Ырчы-бийчилерге саркеч кийимдерди тиккен 26 жаштагы дизайнердин эмгектери (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарында туулган 26 жаштагы Айнура Жалилова заманбап саркеч кийимдерди тигип сатат. Аймактык кабарчы жаш дизайнер менен таанышты .

Анын айтымында, ал Көркөм сүрөт академиясын аяктап, дизайнер кесибине ээ болгон.

«Кичинекей кезимде эле сүрөт тартканды жакшы көрчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин Көркөм сүрөт академиясына тапшырып, ийгиликтүү аяктадам. Учурда өз кесибимди аркалап, мода дүйнөсүндө эмгектенип жатам. Максатым - Кыргызстандын мода тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу. Акыркы 7 жылдан бери жаш улан-кыздарга жана ырчы-бийчилерге жаңы үлгүдөгү кийимдерди тигип берем.

Кардарлар менен иштөө учурунда бир топ кыйынчылыктар жаралат. Ошондуктан кардардын оюн уккандан кийин өзүмдүн идеямды сунуштайм. Кийимдер моделине жараша 1-2 күндө тигилип бүтөт. Даяр болгон кийимдер 1500 миң сомдон жогору сатылып келет. Келечекте тиккен кийимдерди чет өлкөлөргө алып чыгуу планым бар», - дейт ал.

А.Жалилова үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×