
Анын айтымында, А.Масалиев атындагы кесипчилик лицейдин студенттерине 1937-1938-жылдары атылгандар тууралуу маалымат берилди. Иш-чаранын соңунда кол күрөш, аркан тартыш, гиря көтөрүү, кап менен секирүү боюнча мелдештер болду. Жыйынтыгында 75 упай менен «Шумкар» командасы жеңишке жетип, лицейдин көчмө кубогу менен сыйланды.