Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Айыл турмушу: Сүлүктүлүк 80 жаштагы Айша апа азыр да китептерди көз айнексиз окуйт (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарынын 80 жаштагы тургуну Калакулова Айша апа азыр да китептерди көз айнексиз окуйт. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, орус тилиндеги китептерди да түшүнөт. Арасында дин, илим-билим жөнүндөгү китептер бар. Ал 14 жашында турмуш жолуна аттанган. Жолдошу мындан 5 жыл мурда кайтыш болгон.

«Биздин убакта кыздар эрте эле турмушка чыкчу. Ата-энелерибиз да кыз баланы эрте турмушка узатыш керек деген түшүнүктө болушкан. Мен 14 жашымда теңтуштарымдан чоң көрүнчүмүн. Балким бул эрте турмушка чыгышыма себеп болгон окшойт. Жолдошум экөөбүз 70 жылга жакын чогуу түтүн булаттык. Бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, 4 уул, 4, кызга татыктуу тарбия берип, эрезеге жеткирдик», - деди ал.

Айша апа учурда бош убактысында китеп окуп, небере-чөбөрөлөрүнө насаатын айтуудан чарчабайт.

«Жаш кезимде үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окубай калдым. Китеп окууга өтө кызыкканымдан көп чыгармаларды окуйм. Уул-кыздарымдын баары жогорку билимдүү болгонуна кубанам. Ар биринин өз кесиби бар, өз тармагында ийгиликтерин жаратып келет. Мындан өткөн бакыт жок», - деди ал.

Айша апа 50дөн ашык небере-чөбөрөнүн, жана 2 кыбыранын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2865
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×