Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баткен

Кооптуу жерлерде көмүр казуудан улам адам өмүрлөрү кыйылып жатат, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Сүлүктү шаарында 30-40 жыл мурун көмүр казылган кооптуу жерлерде кайрадан көмүр казуу иштерин жүгүзүүгө лицензия беришинен улам кырсыктар көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, казуу иштеринен улам көп жыл бою иштетилбеген жайларда уулу газдар чыгып, жумушчуларга коркунуч жаратууда. Буга чейин кайталанып казылып жаткан жайлардан газ чыгып, көмүр казган адамдар жабыркап, көз жумган фактылар катталган.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, мурда иштетилген жерлерди кайрадан казууга такыр мүмкүн эмес. Себеби жердин алдындагы бөлүнүп чыккан уулуу заттар күч алып, аны тазалап чыгуу оңой эмес. Ал үчүн атайын кесипкөй адистер талап кылынат. Акыркы статистика боюнча Сүлүктү шаарынан көмүр казып алуу 6% түзсө, шахталарда адам өмүрүн алган фактылар 67% түзгөн. Мындан улам адам өмүрүнө болгон коркунуч жогору экени белгиленет.

Сүлүктү шаарынын мэринин айтымында, мындай кооптуу жайлар өтө көп. Мамлекеттик геология, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү органдар менен макулдашпай уруксат берип коюп жатат.
Алардын айтымында, турак-жайларга өтө жакын жерлерде көмүр казылып алынууда. Мындай көрүнүштөн улам жер чөгүп, тургундарга кошумча коркунуч жаралууда. Жыл башынан бери Сүлүктү шаары боюнча алганда лицензиянын туура эмес берилип кеткен себебинен улам 9 адамдын өмүрү кыйылган.

Адистердин айтымында эгерде бул көрүнүштү Геология агенттиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте кеңешип колго албаса, адам өмүрү кыйылуу коркунучу дагы да күчүндө турат. Андыктан учурда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору менен Сүлүктү шаарынын мэри биргелешип, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине кат даярдап сунуш берүүнү көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 5 адам окуп жатат)
9:59,   21.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×