Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Сүлүктүдөгү шахтада көчкү астында калган 4 адам куткарылды

Turmush -  Кечээ, 28-августта Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 4 адам «Марипов» ЖЧКнын шахтасында көчкүнүн алдында калышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:00 чамасында болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, аларды чыгарышкан. Жабырлануучулардын үчөө ооруканага жеткирилип, бири ошол жерден керектүү жардам алган.

Ооруканага жеткирилген шахтерлордун тизмеси:

- Чымген айылынын 1985-жылы туулган тургуну М.Нурбек;

- Сүлүктү шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Б.Абдрахман;

- Сүлүктү шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Ж.Рахманберди;

- Сүлүктү шаарынын 1996-жылы туулган тургуну А.Жамалдин.

Жабырланган М.Нурбек учурда оор акыбалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Тактама:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Т.Марипов» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү болуп, Юнусов Өмүрзак Марипович эсептелет. Ишкана 2013-жылдын 2-июлунда каттоодон өткөн. Көмүр казуу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1700
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×