Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Сүлүктүдөгү шахтадан 37 жаштагы жумушчуну жар басып калып каза болду

Turmush -  12-августта Сүлүктү шаарындагы шахтадан 37 жаштагы С.С.ны жар басып калып каза болду.

ӨКМдин Сүлүктүдөгү башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык саат 19:00 чамасында болгон. С.С. трактор менен көмүр казып жатып, андан түшүп жардын канчалык казылганын көрүп жаткан учурда жар басып калган. Анын жансыз денеси 7 саатта чоң техникалардын жардамы менен табылып чыгарылды.

Каза болгон жумушчунун артында 3 кыз, 1 уулу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2748
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×