Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 21.07.2017 11:02

Сүлүктүнүн жаңы конушуна электр тогу тартылууда

Turmush -  Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагынын Д.Жороев көчөсүнө 1,5 чакырымга электр мамычалары орнотулууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кош-Булак аймагынын башчысы Кумарбек Мамутовдун билдирүүсүнө караганда, Д.Жороев көчөсү жаңы конуш болгондуктан мындан мурда эл жашаган эмес. Учурда жергиликтүүлөр жаңыдан көчүп келип жашай баштагандыктан, электр мамычалары шаардагы көмүр кен тарабынан орнотулууда. Ага кошо аталган жаңы конушка 500 миң сомго трансформатор дагы алынды.

Андан сырткары, ушул эле аймактын Темирбай Марипов көчөсүндөгү канализация мэрия менен биргеликте көмүр кендеринин жардамы менен оңдолуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×