Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Сүлүктүдөгү шахтадан 48 жаштагы адам газга ууланып каза болду

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы шахтадан оор абалда чыгарылып, ооруканага жеткирилген жумушчу каза болду. Ал газга ууланганын шаардык ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 22-июнда болуп, жабырлануучу орто жолдон көз жумганы аныкталган. Анын өздүгү такталып, «Алтын-Бешик» жоопкерчилиги чектелген коомдун шахтасында иштеп жаткан 48 жаштагы жергиликтүү тургун П.Э. экени белгилүү болду.

Учурда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1540
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×