Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 11.04.2017 08:35

Сүлүктүдөгү «Мыкты эне» сынагын А.Акимова жеңди

Turmush -  Сүлүктүдө өткөн «Мыкты эне» сынагында Алтынай Акимова жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка 6 аял катышты.

«Лейлек районунун Гөлбө айылынан да энелер келип көрүүчү болгону «Мыкты эне-2017» сынагынын өтө жогорку деңгээлде уюштурулганынан кабар берет», - деди ата-энелер комитетинин төрайымы Гүлнара Самадова.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×