Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 24.03.2017 12:35

Сүлүктүдө волейбол боюнча турнир өтүп жатат (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарында бүгүн, 24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата маданий-спорттук иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара үчүн Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн эсебинен 8000 сом бөлүнүп, спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өтүүдө.
Мелдеште шаардагы мекеме-ишканалардын жана медицина тармагында иштеген кыз-келиндердин командалары катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×