Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Сүлүктүдөгү мекеме-ишканалардын ортосунда футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Сүлүктү шаарында мекеме-ишканалардын ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Т.Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, 23-февраль — Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган мелдешке 15 миң сом бөлүнгөн. Таймаштардын жыйынтыгында 1-орунга Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаардык башкармалыгы, 2-орунга шаардык билим берүү бөлүмү, 3-орунга шаардагы банктардын кызматкерлери, 4-орунга шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ээ болушту. Аларга акчалай сыйлыктар, грамоталар жана кубок тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1768
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×