Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баткен

Сүлүктүдө ак кар майрамы өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 25-февралда Сүлүктү шаарында салтка айланган ак кар майрамы болуп өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдагы спорттук мелдешке шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн эсебинен 8 миң сом акчалай сыйлык коюлду. Майрамдык кечеге 3 миңге жакын жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада мамыга чыгуу, чана тебүү, тир атуу, аркан тартыш жана 24 кг гиря көтөрүү боюнча мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана диплом, ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×