Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Сүлүктүдө көмүрдүн арзандашынан улам 9 шахта иштебей калды, - мэрия

Turmush -  Сүлүктү шаарында көмүрдүн баасынын кескин арзандап кетишинен улам көмүр өндүргөн 9 шахта иштебей калды. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Баабек Ташев билдирди.

Анын айтымында, көмүр өндүрүүчү ишканалардын саны 31ге жетти. Анын ичинен 4 ишкана жаңы ачылып, 2016-жылдын март-апрель айларынан тарта продукция бере баштаган. Бул ишканаларда жалпысынан жаңы 96 жумуш орун түзүлгөн.

Мындан сырткары, 2016-жылы жаңы 9 ишкана ачылып, жалпысынан 138 жумуш орун негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1594
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×