Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баткен

Сүлүктүдөгү окуучуларга диний терс агымдардан оолак болуу эскертилди

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына диний терс агымдардан оолак болуу эскертилди. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын имамы Муса Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, жыйынга укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Сүлүктү шаарындагы дин кызматкерлери катышышты. Анда жүрүшүндө жаштарга дин жана туура эмес диний агымдар тууралуу маалыматтар айтылды.

«Балдарга туура тарбия берүү ар бирибиздин милдетибиз. Алардын кимден кандай тарбия алып жаткандыгын көзөмөл кылуубуз керек», - деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×