Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 20.01.2017 12:21 На русском

Сүлүктү шаарынын мэри болуп Р.Абдыназаров шайланды

Turmush -  Сүлүктү шаарынын мэри болуп КСДП партиясынан Рахманберды Абдыназаров шайланды. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 20-январда өтүп, ага Сүлүктү шаардык кеңешинин 31 депутаты толугу менен катышты. Алар Р.Абдыназаровдун талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

57 жаштагы Рахманберды Абдыназаров мурда «Нур» шахтасынын директору болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×