Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 12.01.2017 11:02 На русском

Баткендин аймагында жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 12-январда саат 07:2де өлкө аймагында жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Бешкент айылынан түндүк-батышка 4 чакырымда, Карл Маркс айылынан түндүккө 6 чакырымда, Сүлүктү шаарынан түндүк-батышка 28 чакырымда, Баткен шаарынан түштүк-батышка 82 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Карл Маркс, Бешкент, Жаңы-Жер айылдарында 3 баллга, Жаңы-Жол, Эски-Оочу айылдарында 2,5 баллга, Коргон, Кулунду, Ленин, Достук айылдарында 2 баллга сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×