Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баткен

Куткаруучулар Сүлүктүдөгү шахтада уранды басып калган адамдын денесин табышты

Turmush -  Сүлүктүдөгү шахтадан уранды басып калган адамдын сөөгү саат 16:30да табылды.

ӨКМ маалымдагандай, урандынын алдында Сүлүктү шаарындагы Шахтер көчөсүнүн 49 жаштагы тургуну Б.М. калган. Окуя бүгүн, 10-январда саат 14:10 чамасында «Раимберди» шахтасында болду. Көмүр урандылары көчүп, көмүр казып жаткан адамды басып калган. Издөө-куткаруу иштерин ӨКМдин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жүргүздү.

Муну менен акыркы суткада Сүлүктүдөгү шахтанын урандысында калган экинчи адам каза колду. Кечээ, 9-январда Сүлүктөдөгү «Белес 1» шахтасында уранды басып калып, өспүрүм бала каза болгон.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×