Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баткен

Сүлүктүдө шахтада уранды басып калган жергиликтүү тургунду издөө иштери жүрүп жатат

Turmush -  Сүлүктүдө шахтанын алдында калган адамдын аты-жөнү такталды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, шахтанын алдында 50 жаштар чамасындагы жергиликтүү тургун Бахап Мадалиев калганы айтылууда. Окуя бүгүн, 10-январда саат 14:10 чамасында «Раимберди» шахтасында болду.

ӨКМ билдиргендей, көмүр урандылары көчүп, көмүр казып жаткан бир адамды басып калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барышты. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 9-январда Сүлүктөдөгү «Белес 1» шахтасында уранды басып калып, өспүрүм бала каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2269
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×