Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Сүлүктүдөгү шахтадан дагы бир адамды уранды басып калды

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада кырсык катталып, бир адамды басып калды. Алдын ала алынган маалымат боюнча, окуя бүгүн, 10-январда саат 14:10 чамасында «Раимберди» шахтасында болгон, деп билдирди ӨКМ.

Маалыматта айтылгандай, шахтада көмүрдүн урандылары көчүп, көмүр казып жаткан адамды басып калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары чыгып кетишти.

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 9-январда саат 16:15 чамасында Сүлүктү шаарындагы «Белес 1» шахтасында да кырсык катталып, 16 жаштагы өспүрүм бала каза болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3231
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×